Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:31

Жон Керри: Орусия Сирияда тынчтык орнотууну “татаалдаштырды”


АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри 9-февралдагы сөзүндө Сирия жаңжалына Орусиянын кийлигишүүсү беш жылдан бери созулуп келаткан согушту токтотууну жана тынчтык сүйлөшүүгө келүүнү кыйындатканын билдирди.

Орусия колдогон Сириянын куралдуу күчтөрү куралдуу оппозиция жайгашкан жерлерди курчоого алып, Бириккен Улуттар уюмунун демилгеси менен Женевада башталган сүйлөшүүнү токтотту, деп айтты Жон Керри.

Керри 10-февралда Мүнхенде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушарын маалымдады. Лавров Орусия Сирия согушун токтотуу боюнча жаңы сунуштарды АКШга берерин “Московский комсомолец” гезитине 9-февралда чыккан маегинде билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG