Линктер

бейшемби, 22-июнь, 2017 Бишкек убактысы 20:22

Жалал-Абадда менчикке өтүп кеткен майыптар үйү кайтарылды


Жалал-Абаддагы дүлөйлөр жана азиздер коомуна таандык үйдүн жеке менчикке өтүп кеткен батири кайра аталган уюмга кайтарылды. Облустук прокуратура бул боюнча териштирүү жүргүзүп, үйдү коомго кайтарганын башкы көзөмөл органы кабарлады.

2012-жылы Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы дүлөйлөр жана азиздер коому үчүн Жалал-Абад шаарындагы Көгарт кичирайонуна 40 батирлүү үй курган. Бирок үйдөгү бир батир жемкорлук иштерден улам ал кездеги вице-мэрдин менчигине өтүп кеткени аныкталган. (SE)

XS
SM
MD
LG