Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:35

Аксыда тынчтык митинги өтүп жатат


Аксы районунун Кара-Жыгач айылында бүгүн жашоочулар тынчтык митингине чогулуп, социалдык фондго төлөмдөрдүн жогорулаганына нааразылык билдирип жатышат. Андан сырткары электр энергиясына тарифтерди арзандатуу, Мамлекеттик камсыздандыруу мыйзамын жокко чыгаруу, чек ара маселелерин чечүү жана балдарга жөлөкпул берүүдөгү документ иштерин жөнөкөйлөтүү талабын коюшууда. Чогулгандар менен ушул тапта Аксынын акими Медер Айдаралиев жана Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Эрик Куйкеев жолугуп, талаптарын угуп жатат.

Акимдин айтымында, акцияга жүз жакты адам келген. Уюштуруучулардын бири Шекербек Камчыбек уулу 300 чамалуу эл чогулганын билдирди.

Райондун айрым тургундары өткөн аптада жогорудагы талаптар менен бийликке кайрылып, аткарылбаса митингге чыгышарын эскертишкен. (SE)

XS
SM
MD
LG