Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 10-февралда маалымдашкандай, Беларусь тараптан жөнөтүлгөн он тонна жүк Ошко келип түштү. Анын ичинде 3 миң даана жүн одеял жана 30 орундуу 20 чатыр бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул өткөн жылы ноябрь айында жер титирөөдө жабыркаган калкка жардам берүүгө салымын кошорун билдирди. (AiT)