Орусиянын “Роснефть” мамлекеттик компаниясынын жетекчиси, президент Путиндин жакын өнөктөшү Игорь Сечин 10-февралда Лондондо өткөн жыйында мунай казууну азайтууну сунуштады.
Ири мунай өндүрүүчүлөрүнө кайрылган Сечин баанын түшүшүнө каршы туруу үчүн мунайды күнүнө 1 млн баррелге аз өндүрүүгө чакырды.
- Суткасына миллион баррель аз өндүрүү маселеси ири масштабдагы өндүрүүчүлөрдүн макулдашуусу менен ишке аша турган болсо, бул алдыдагы белгисиздикти азайтып, мунайдын базар баасын акылга сыярлык деңгээлге алып чыкмак, - деди Сечин.
2014-жылдан бери кара май баасы 70%дан ашуун төмөндөп, бир баррели 30 долларга түштү.
Орусиялык мунай компаниялары менен энергетиктеринин ОПЕК мунай картели менен бирге өндүрүштү азайтууну макулдашуу ыктымалдыгын билдиришкенден кийинки акыркы бир нече жумада дүйнөлүк базарларда кара май баасы кыйла жогорулаган болчу.
Өз сөзүндө Сечин буга ОПЕКке кирген мамлекеттер даярбы деп суроо коет. Анын эсеби боюнча, Иранга болгон санкциялардын алынып салынышы менен 2025-жылга чейин мунай өндүрүү суткасына 3 миллион баррелге чейин көбөйөт.