Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Вашингтон Сириядагы атышууну тез арада токтотууну сунуштоодо


АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Мүнхен.
АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Мүнхен.

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров учурда Мүнхенде сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Сирия боюнча бир пикирге келүүгө аракеттенүүдө.

Орусия ок атышууну 1-марттан тарта токтотууну сунуштады. Ал эми расмий Вашингтон ага чейинки үч апта Москва менен Сирия өкмөтүнө козголоңчулардын тынч топторун жоготконго убакыт берет деп, атышууну тез арада токтотуу керектигин айтууда.

Мүнхендеги жолугушуу алдында Керри сүйлөшүү максатына жетер-жетпеси тууралуу айтуудан баш тартты. “Биз Сирияда болуп жаткан окуялардын бардык аспектилери боюнча олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Албетте, биз ал жакка гуманитардык максатта жол ачууга жана атышууну токтотууга жетишүүгө аракет кылабыз”, - деди Керри.

Лавров болсо Орусия буга чейин “толук конкреттүү” сунушун айтканын жана аны Сирияны колдогон эл аралык топко көрсөтүүгө чейин АКШнын жообун күтөрүн белгиледи.

XS
SM
MD
LG