Бул тууралуу Ишенбековдун адвокаты Эрик Ирискулбеков бейшемби күнү билдирди. Анын айтуусунда, 11-февралда Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Урмат Ишенбековдун жүйөөлөрүн угуп, чечим чыгаруу үчүн тыныгууга кетти. Ошондуктан 12-февралда Ишенбековдун арызы боюнча Жогорку соттун чечими чыгат.
“Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Урмат Ишенбеков шайлоо алдында жазган арызынын негизинде БШК тарабынан мандатынан ажыратылган. Ишенбеков БШК чечимин жок кылууну сурап сотко кайрылган. (AiT)