Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:01

Өрттөн набыт болгон төрт кыргызстандыктын сөөгү мекенине алып келинди


Москвадагы өрт.
Москвадагы өрт.

Орусияда тигүү цехинде өрттөн каза болгон төрт кыргызстандыктын сөөгү бүгүн түнкү саат 1:50дө Москва-Ош аба каттамы менен алып келинди. Маркумдардын жасаты Баткенге бүгүн эртең менен жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Өрттөн ажал тапкан алты кишинин сөөгү кечээ Мекенине жеткирилип, жерге берилген.

30-январда Москвадагы тигүү цехтердин биринде өрт чыгып 12 адам каза болгон. Алардын сегизи кыргызстандыктар, экөө орус жарандыгын алган кыргыздар. Дагы экөө өзбек жарандары.

Москванын тергөө комитети өрт боюнча мүлктү атайлап жок кылуу деген негизде кылмыш иш ачкан. (КE)

XS
SM
MD
LG