Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Премьер-министр өз турак-жайын камсыздандырды


Премьер-министр Темир Сариев алгачкылардан болуп өз турак-жайын камсыздандырды.
Премьер-министр Темир Сариев алгачкылардан болуп өз турак-жайын камсыздандырды.

Премьер-министр Темир Сариев турак-жайларды камсыздандырууну ишке ашыруучу Мамлекеттик камсыздоо компаниясында алгачкылардан болуп өз турак-жайын камсыздандырды. Өкмөт башчы бардык кыргызстандыктарды турак-жайын камсыздандырууга чакырды. Ошондой эле келерки жумадан тартып бардык министрлик жана ведомстволордун жетекчилери турак-үйлөрүн камсыздандыра баштарын белгиледи. Бул тууралуу өкмөттун маалымат кызматы кабарлады.

2016-жылдын 11-февралынан баштап “Турак-жайларды өрттөн жана жаратылыш кырсыктарынан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам күчүнө кирди. Өкмөттүн токтомуна ылайык, камсыздоо тарифи шаар жергесинде 1200 сом, айыл жеринде 600 сом өлчөмүндө бекитилген. Камсыздандырылган үйлөр кырсыкта зыянга учураса 500 миң сом төлөнүп берилери кабарланган.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, республикада 295 миң батир, 847 миңден ашуун жер там жана 3 миң 469 барак үлгүсүндөгү үйлөр бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG