Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

НАТО баш катчысы Сирияда тынчтык орнотуу келишимин кубаттады


Германия -- НАТО башк катчысы Столтенберг орус тышкы иштер министри Лавров менен учурашууда. Мюнхен, 12-февраль, 2016.
Германия -- НАТО башк катчысы Столтенберг орус тышкы иштер министри Лавров менен учурашууда. Мюнхен, 12-февраль, 2016.

НАТО баш катчысы Йенс Столтенберг Сирияны колдоо тобунун мүчөлөрү өткөн түнү Мюнхенде жетишкен аталган өлкөдө тынчтык орнотуу боюнча келишимди колдоду. Анын сөзүнчө, бул узак жараяндагы алгачкы кадам жана эң башкысы - эми келишимдин ишке ашуусу.

Столтенберг мындан тышкары Орусия Сирияда аба соккуларын токтотууга сөз бербегенине өкүнүч билдирип, "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы күрөштө Москва көбүрөөк конструктивдүү ролду ойносо жакшы болмоктугун билдирди. Бул тууралуу ал жума күнү кечинде коопсуздук боюнча Мюнхендеги конференциянын алкагында орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушкандан кийин журналисттерге айтты.

НАТО баш катчысы Лавров менен сүйлөшүүдө Орусия - НАТО кеңешинин бир жылдан ашуун токтоп калган кезектеги жыйынын өткөрүү боюнча да сөз козголуп, бирок эч кандай келишүү болбогонун да кошумчалады.

Орус тышкы иштер министринин орун басары Алексей Мешков "Интерфакска" тараптар бул жолугушууда аталган кеңештин кезектеги жыйынынын күн тартибин иштеп чыгууга келишкенин билдирген.

Украина чыгышындагы окуяларга байланышту соңку жылдары НАТО - Орусия алакалары начарлап кеткен.

XS
SM
MD
LG