Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:19

Ооган президенти ИМ тобу ири жоготууларга кабылганын айтты


Ооганстандын президенти Ашраф Гани "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу Ооганстандын аймагында ири жоготууларга кириптер болуп, анын ичинде 150 согушкеринен айрылганын белгиледи. Гани бул тууралуу 12-февралда Мюнхендеги коопсуздук боюнча жылдык конференцияда сүйлөп жатып билдирди. Анын айтымында, өлкө чыгышында аталган экстремисттик топтун радиостанциясы да кыйратылып, үнү өчүрүлгөн.

АКШ жана ооган расмийлери 1-февралда экстремисстик топтун "Халифат үнү" деп аталган радиосу Пакистан чек арасына жакын аймактагы аба соккуларынан кыйратылганын билдиришкен эле. Бул радио Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясында 2015-жылдын соңунан тарта уктурула баштаган болчу.

XS
SM
MD
LG