Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

Өзбекстанда белгилүү укук коргоочу өлкөдөн чыгып кетти


Дмитрий Тихонов
Дмитрий Тихонов

Өзбекстандын Ангрен шаарында жашаган укук коргоочу Дмитрий Тихонов мамлекеттен чыгып кеткени тууралуу өзү “Азаттыктын” өзбек кызматына кабарлады. Бирок азыр кайсыл өлкөдө экенин билдирген жок. Ал Өзбекстандан чыгып кетишине күч органдары басымы күчөгөнү себеп болгонун билдирди.

Тихонов пахта терими учурунда миңдеген мамлекеттик кызматкерлердин талаага зордоп чыгарылганын сынга алгандан бери ага бийликтин мамилеси өзгөрүп, бир канча жолу милиция суракка чакырганын белгилейт.

Ал соңку кездери Ташкент жана Ангрен шаарларында укук коргоочулук жаатында ишмердик жүргүзүп жаткан. 2015-жылы өкмөт адамдарды зордоп пахта теримге чыгарганын сындаганы үчүн административдик жазага тартылган. (SE)

XS
SM
MD
LG