Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Тажик президенти өмүр бою бийликте калуу үчүн референдум өткөрөт


Эмомали Рахмон
Эмомали Рахмон

Тажикстандын Баш мыйзамына киргизиле турган өзгөртүүлөр коомдук талкууга коюлду. Конституциянын жаңы варианты 40 пункттан турат. Өзгөртүүлөргө ылайык, өлкө башчы Эмомали Рахмонго бийликте өмүр бою калууга мүмкүнчүлүк берилет.

Тажикстанда кийинки президенттик шайлоо 2020-жылы өтөт. Былтыр Рахмон "улут көсөмү" деген макамга ээ болгон. Мыйзам боюнча анын кийинки шайлоого катышууга укугу жок эле. Анткени эки жолу президенттик шайлоодо утуп чыккан. Жалпы элдик добуш менен Баш мыйзамга өзгөртүүлөр кирсе, Рахмон президенттикке кайрадан талапкер боло алат.

Андан сырткары, президенттикке талапкерлердин жашын 35тен 30 жашка чейин түшүрүү сунушталууда. Мындай демилге президент Эмомали Рахмондун уулу Рустам Эмомалинин президенттик шайлоого катышуусуна мүмкүнчүлүк берет.

XS
SM
MD
LG