Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чүй облусунда сууга чөгүп бараткан кыздарды куткарып калган Талант Самарбеков менен Айбек Бактыбековду мекеменин “Чөгүп бараткан адамды куткарганы үчүн” медалы менен сыйлады. Сыйлоо аземи 12-февралда Кайыңды кыштагында болду.
12-январь күнү муз үстүндө ойноп жүргөн 8 жана 11 жаштагы кыздар муз жарылып кетип, көлгө түшүп кеткен. Алар чөгө баштаган учурда жергиликтүү тургундар Айбек Самарбеков менен Айбек Бактыбеков куткарып калган. (SE)