Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:29

Жалал-Абадда милиция “Тартип” аттуу алдын алуу иштерин жүргүзүүдө

"Тартип" иш-чарасынын жүрүшүнөн бир көрүнүш, Жалал-Абад облусу.
"Тартип" иш-чарасынын жүрүшүнөн бир көрүнүш, Жалал-Абад облусу.

Жалал-Абад облусунда милиция кызматкерлери коомчулук арасында кылмыштуулукту азайтуу максатында “Тартип” деген аталышта түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, күн сайын Кайгуул-күзөт жана Жол кайгуул кызматтарынын адистери эл аралап тургундар тууралуу маалыматтарды топтоп жатышат.

Милиционерлердин түшүндүрүү иштерине жергиликтүү бийликтин, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү байкоо салшууда.

Иш-чара 8-февралда башталган. Профилактикалык жумуштар 23-февралга чейин уланып, милициянын каттоосунда турган кишилердин учурдагы иш-аракети иликтенүүдө. Андан сырткары жайкын тургундарга экстремисттик агымдарга азгырылбоо, жол эрежесин сактоо боюнча да кеп-кеңештер айтылып жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG