Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 10:13

Футзал: Азия чемпиондугунда Кыргызстан чейрек финалда ойнойт


Кыргызстан менен Өзбекстандын футзалчылары. Архивдеги сүрөт.

Футзал боюнча ушул күндөрү Ташкенде өтүп жаткан Азия чемпиондугунда Кыргызстан чейрек финалга чыкты. 14-февралда Кыргызстандын улуттук курама командасы Сауд Арабияны 3:2 эсебинде утуп алды.

Бул күнү тайпалык беттештерде Кыргызстандын атаандаштары - Өзбекстан менен Ливан командалары да ойноп, 2:0 эсебинде өзбек футзалчылары жеңишке жетишти.

3 турдагы беттештерден кийин Өзбекстан 9 упай менен биринчи, Кыргызстан 4 упай топтоп экинчи орунда кийинки айлампага чыгышты.

Эми чейрек финалда Кыргызстан менен Иран командалары беттешет.

Азия чемпиондугунун тайпалык мелдештеринде 16 өлкөнүн улуттук курама командалары төрт тайпага бөлүнүп ойношту. Ар бир тайпада алдыңкы эки орунга ээ болгондор 1/4 финалда беттешет.

Футзал боюнча Азия чемпиондугунун оюндары 21-февралга чейин уланат. Анда эң мыкты деп табылган беш команда сентябрда Колумбияда өтө турган дүйнө чемпиондугуна барат. (ECh)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG