Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:06

Караколдо Данияр Нарымбаевдин тарапкерлери чогулууда


Данияр Нарымбаевдин тарапкерлери, Каракол, 15-февраль 2016-жыл.

Бүгүн Каракол шаарында президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевдин тарапкерлеринин тынчтык митинги өтүүдө. Уюштуруучулар өкмөттүн өкүлчүлүгүнө кайрылуу тапшыруу үчүн Жети-Өгүз районунун ар бир айылынан үчтөн өкүл болуп чогулуп, жалпысынан 150дөй адам келгенин айтууда.

Акцияга чыккандар Нарымбаевдин иши боюнча акыйкат чечимди талап кылып, 42 барактан турган 773 кишинин колу коюлган кайрылууну президент Алмазбек Атамбаевге берип коюуну өтүнүп келген.

Ушу тапта чогулгандар менен өкмөттүн облустагы өкүлү Аскат Акибаев жолугууда.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 27-ноябрдагы өкүмүндө Данияр Нарымбаевди 3 жылга эркинен ажыраткан. Ал Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлеевадан пара алган деп айыпталган. Учурда иш Бишкек шаардык сотунда каралып жатат. (AsM)

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG