16-февралда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -4...-9, күндүз -1...+4,
Таласта түнкүсүн -8...-13, күндүз -3...+2,
Баткенде түнкүсүн -3...-8, күндүз -1...+4,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -2...-7, күндүз 1...6,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...-8, күндүз -3...+2,
Нарында түнкүсүн -18...-23, күндүз -6...-11,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22...-27, күндүз -9...-14.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз бир аз кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз 1…3.