Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

Орусияда Зика вирусун жуктуруп алган алгачкы жаран катталды


Америка континентинин кеминде 26 өлкөсүндө катталган Зика вирусуна каршы вакцина же аны дарылоонун жолу азырынча табыла элек.
Америка континентинин кеминде 26 өлкөсүндө катталган Зика вирусуна каршы вакцина же аны дарылоонун жолу азырынча табыла элек.

Бул тууралуу дүйшөмбүдө Роспотребнадзор билдирди. Вирус Доминикан республикасында эс алып келген аялдан табылган. Оорунун алгачкы белгилери Москвага кайтып келээр замат байкала башталган. Бейтап келген учак жана анын жүргүнчүлөрү толук текшерүүдөн өткөрүлдү.

Америка континентинин кеминде 26 өлкөсүндө катталган Зика вирусуна каршы вакцина же аны дарылоонун жолу азырынча табыла элек. Вирус эң көп жайылган өлкө - Бразилия вакцина ушул жыл ичи иштелип чыгат деп үмүттөнүүдө.

Башаты чиркейлерге барып такалган Зика вирусу же микроцефалия балдардын башы кичинекей болуп төрөлүп, мээсинин өспөй калышына себепчи болот.

Бразилияда микроцефалия илдетин жугузуп алды деп шектелгендердин саны төрт миңге жетти.

XS
SM
MD
LG