Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Карасартова: Акыйкатчыны шайлоодогу мыйзам бузууну унуттуруу аракети жүрүүдө


Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

Кыргызстандын акыйкатчысын шайлоо маалында орун алган мыйзам бузууларды элдин эсинен чыгарып, унуттуруу аракети жүрүп жатат. Мындай пикирин бүгүн "Азаттыкка" укук коргоочу Рита Карасартова билдирди. Анын айтымында, бүгүн боло турган сот отурумуна да Жогорку Кеңеш өкүлү келген жок.

- Эл кичине унутсун деп жатышат. Себеби алар "жок, мунун баары калп" деп айта турган күндө да эл көргөн болчу баарын.

Мыйзам боюнча Кыргызстанда акыйкатчыны парламент шайлайт. Жаңы жыл алдында өткөн кезектеги шайлоонун жыйынтыгы менен бул кызматка бийликчил партиялар көрсөткөн Кубат Оторбаев келген. Бирок жабык добуш берүү эрежеси бузулганына арызданып талапкерлердин бири Рита Карасартова сотко кайрылган.

Иш Бишкектин район аралык сотунда каралып жатат. Өткөн отурумга парламент өкүлү катышпай калган. Бүгүнкү жараянга да келген жок. Бул жолу ал ооруп жатканы тууралуу расмий аныктамасын жиберген.

Кийинки отурум 1-мартка белгиленди.(RK)

XS
SM
MD
LG