Март жана май айларындагы майрамдарга байланыштуу дем алыш күндөр аныкталды. Өкмөттүн токтомуна ылайык, жумасына 5 күн иштеген мекеме-уюмдар үчүн 5-март жана 2-майдагы дем алыштар 7-март жана 6-майга которулду.
Мартта 6,7,8и эс алуу күндөрү болот. Ал эми май айында 5,6,7,8,9у.
Ошентип, март айында 8-март - аялдар күнүнө байланыштуу удаа үч күн, ал эми майдагы Эмгек майрамы, Конституция күнү жана Жеңиш күнү үчүн кыргызстандыктар 5 күн бою эс алат. (RK)