Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийинки алты айдагы абал тууралуу вице-премьер-министр Олег Панкратов бүгүн журналисттерге маалымат жыйын куруп, жарым жылдагы ийгилик жана өксүктөр жөнүндө айтып берет. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине 2015-жылдын 12-августунда толук мүчө болгон. Анда уюмга кирген Орусия, Казакстан, Беларус жана Армения соода-сатык, экономикалык байланыштар жеңилдеши тууралуу айтылган. Бирок соңку кездери ишкерлер Евразия экономикалык биримдигинин товардын сапатына байланыштуу айрым талаптары тоскоолдук жаратып жатканына нааразы. (SE)