Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:26

Мамлекеттин үлүшү бар ишканалар РСК жана “Айыл банк” менен иштөөгө өтөт


РСК банкынын баш калаадагы офистеринин бири.
РСК банкынын баш калаадагы офистеринин бири.

Бюджеттик мекемелердин жана мамлекеттик үлүшү 30% көп болгон акционердик коомдордун каржы операцияларын толугу менен РСК жана «Айыл банкка» өткөрүү боюнча Жогорку Кеңеш токтом даярдады. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын сунушу менен даярдалган бул документ мамлекеттик банктардын капиталын жогорулатууну көздөйт. Демилгени Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитети колдоду. Аталган комитеттин төрагасы Мирлан Бакиров токтом тууралуу “Азаттыкка” буларды билдирди:

-Эгер мамлекеттик банктарда каржы жүгүртүү көп болсо, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүүчү каражаттар көбөйөт. Анүстүнө коммерциялык банктардан айырмаланып, РСК менен “Айыл банктын” бөлүмдөрү өлкөнүн дээрлик бардык аймагында бар.

Маалыматка караганда, мамлекеттик банктарда капитал аздыгына байланыштуу былтыр жеңилдетилген насыя алууга арыз жазган фермерлердин дээрлик 50% алган эмес.

Токтом долбоору жакында Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланат. (SE)

XS
SM
MD
LG