Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:33

Украина орусиянын жүк ташуучу унааларына тыюу салды


Украинадан Казакстанга бараткан жүк ташуучу унаалар.
Украинадан Казакстанга бараткан жүк ташуучу унаалар.

Мындай чечимди бүгүн Украина өкмөтү кабыл алды. Министрлер кабинетинин расмий сайтында жазылган маалыматка ылайык, Орусия бир тараптуу өз аймагы аркылуу украиналык жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө тыюу салган соң Киев жооп катары бул кадамга барганы жазылган.

Украина бийлиги муну менен Орусия Эл аралык соода уюмунун эрежелерин жана принциптерин бузууда деп билдирди. Мурдараак Ространснадзор 15-февралдын таңында украиналык 152 жүк ташуучу унаа кармалганын маалымдаган. Москва муну украиналык “Автомайдан” кыймылынын аракеттерине карата “жооп” деп түшүндүрдү. Аталган кыймылдын активисттери 11-февралдан бери орусиялык жүк тарткан унааларды Украинанын аймагы аркылуу өткөрбөй келишет.

Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк Украина Орусиянын бул кадамы боюнча Евробиримдиктин өлкөлөрү менен кеңешерин айтты.

XS
SM
MD
LG