Украинанын Саламаттыкты Сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө H1N1 вирусунан (чочко тумоосунан) набыт кеткендердин саны 286га жетти. Сентябрь айынын соңунда күч алган илдеттен эки кош бойлуу аял жана 17 жашка чейинки төрт өспүрүм да каза болгон. Жабыркагандардын көбү Киев жана Одесса аймагында катталууда.
26-январда Украинанын Саламаттыкты сактоо министри Александр Квиташвили расмий түрдө өлкө боюнча грипп эпидемиясын жарыялаган.
Арменияда жыл башынан бери чочко тумоосунан 18 адам көз жумса, Грузия бийликтери оору үч адамдын өмүрүн алганын билдиришти.