Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:42

Крымда татарлардын Межилисин жоюу сунушталды


Крымдын прокурору Наталья Поклонская
Крымдын прокурору Наталья Поклонская

Орусия аннексиялап алган Крымдын прокурору Наталья Поклонская Жогорку Сотко крым татарларынын өзүн-өзү башкаруу органы жана саясий уюму саналган Межилистин ишмердүүлүгүн токтотуу арызы менен кайрылды.

ТАСС агенттиги билдиргендей, ушул эле күнү Поклонская арыздын бир көчүрмөсүн Межилистин төрага орун басары Нариман Желяловго тапшырды. Документте арыз крым татарларынын суранчы боюнча жазылганы айтылат. Межилистин төрагасы, Жогорку Раданын депутаты Рефат Чубаровго Орусияда издөө жарыяланган. Ал эми уюмдун мурдагы башчысы Мустафа Жемилевге Орусияга жана Крымдын аймагына кирүүгө тыюу салынган.

Буга чейин “Мемориал” укук коргоо уюму Симферополдогу 2014-жылкы окуяларга байланыштуу камакта жаткан Межилистин төрага орун басары Ахтем Чийгозду жана крым-татар активисттери Али Асанов менен Мустафа Дегерменжини саясий туткундар деп атаган.

Крымда азчылыкты түзгөн татарлардын өзүн-өзү башкаруу органы жана саясий уюму болгон Межилис жарым аралдын аннекcияланышына каршы чыккан.

XS
SM
MD
LG