Ирактагы жарым автономдуу Күртстан районуна террорчулар былтыр жасаган эки жолку чабуулда химиялык курал саналган “горчица газы” колдонулган. Бул тууралуу Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдун иликтөөсүнө таянып Reuters агенттиги кабарлады. Аталган газды пайдаланууга дүйнө жүзүндө 1925-жылы тыюу салынган.
Мурдараак АКШ бийлиги “Ислам мамлекети” террордук тобу хлорин жана горчица газын колдонушу мүмкүн деп билдирүү тараткан эле.
Өткөн жылдын октябрында Күртстан бийлиги күрттөрдүн пешмерга күчтөрүнүн аскерлеринин денесинде “горчица газынын” изи байкалганын маалымдаган.
Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюм иликтөө үчүн Иракка адистерин жиберди.