Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Фархад Бекманбетов маданият министринин орун басары болуп дайындалды


Фархад Бекманбетов.
Фархад Бекманбетов.

Белгилүү кыргызстандык продюсер Фархад Бекманбетов маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден бүгүн кабарлашты. Министрдин төрт орун басары бар. Бири статс-катчы, калган үчөө маданият, маалымат жана туризм тармактары үчүн жооп берет.

Бекманбетов маданият жаатын тейлемекчи.

Буга чейин ал "Айтыш" коомдук фондунда жетекчи, Коомдук телерадиокорпорациянын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп иштеген. "Курманжан датка" тасмасына продюсерлик кылган.

2015-жылдын күзүндө өткөн парламенттик шайлоодо "Ата Мекен" партиясынын тизмесине кирип, талапкер катары ат салышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG