Быйыл Кыргызстанда жарыяланган Тарых жана маданият жылына карата тарыхый спектаклдер үчүн өкмөттөн 15 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов билдирди.
Мындан сырткары министр кыргыз театрларынын репертуарындагы спектаклдердин эң мыктылары “Алтын фондго” кабыл алынарын айтты.
- Бир топ жылдардан бери спектаклдер теле үчүн тартылбай, архивге сакталбай келген. Тарых жана маданият жылында тарыхта калчу, Көркөм кеңештин элегинен өткөн спектаклдер КТРКнын “Алтын фондуна” кабыл алынат, - дейт министр. (ZA)