Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Орусия менен Сауд Арабия мунай өндүрүүнү токтото турууга макулдашты


Катардын борбору Дохадагы бүгүнкү жолугушууда Саудиянын мунай министри Али ал-Наими менен Орусиянын энергетика министри Александр Новак ушундай чечимге келишти. Сауд Арабия министри Али ал-Наими бул жолугушуудан кийин январдагы өндүрүштүн көлөмү дурус эле болгонун белгилеп, Катар менен Венесуэла да мунай өндүрүүнү токтото турууга макул болгонун билдирди. Ал мунай өндүргөн башка өлкөлөр да бул сунушту кабыл аларына үмүт артууда.

Сауд Арабия менен Орусия дүйнөдөгү эң көп мунай өндүргөн өлкөлөр.

Жыл башында экономикалык санкциялардан бошогон Иран тескерисинче мурдагы боштукту толтуруу үчүн мунай өндүрүүнү көбөйтөрүн билдирген.

Дүйнөлүк базарда мунайдын баасы аябай арзандап, 2014-жылдын июнунан бери 70 пайыздай төмөндөдү. Азыр мунайдын бир баррели 34 доллардын тегерегинде. Экономикасы мунайдан түшкөн кирешеге байланган Орусия, Азербайжан, Казакстан, Ирак сыяктуу өлкөлөр мунун айынан финансылык кыйынчылыкка кептелди.


XS
SM
MD
LG