Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:00

"Газпром Кыргызстан" Токмоктогу айнек заводунун газын өчүрмөй болду


«Интергласс» айнек заводу карызын төлөбөй жатканы үчүн ага газ берүү токтотулат. Бул тууралуу бүгүн «Газпром Кыргызстан» ишканасынан кабарлашты. Маалымат катчы Мирбек Молдакуновдун айтымында, пайдаланган көгүлтүр отун үчүн карызы барлардын катарында айнек заводунуку эң чоң сумма:

- Карызы ай эмес, бир нече жылдап эсептелет. Негизги суммасы 698 млн сом, ага кошумча 419 млн сомдук тууму бар. Ошентип, жалпы карыз 1 млрд 117 млн сом. Ишкананын социалдык маанилүүлүгүн эске алуу менен газ өчүрүлбөй келген эле. Бирок «Интергласстын» топтолгон карызы «Газпром Кыргызстан» ишканасынын тышкы өнөктөшү менен эсептешүүсүнө залака тийгизиши ыктымал болууда.

Айнек заводу Токмок шаарында жайгашкан. Адистердин айтымында, анын меши үзгүлтүксүз иштөөсү керек. Эгер газ өчсө, меш да токтошу ыктымал.

Ишканага «Steinert Industries GmbH» немис компаниясы ээлик кылат.

Продукциясынын негизги бөлүгү Борбор Азия өлкөлөрүнө жана Сибир аймагындагы шаарларга тарайт.

Молдакуновдун айтымында, газ жакын арада өчүрүлөт. (RK)

XS
SM
MD
LG