Алматыда сот бүгүн журналист Гузал Байдалинованын камактагы мөөнөтүн 23-мартка чейин узартканын адвокаты Инесса Кисилева билдирди. Nakanune.kz сайтынын ээси жана редактору Гузал Байдалинова өлкөдөгү ири банктардын бири - "Казкоммерцбанктын" "жалган маалымат таратты деген арызынын негизинде өткөн жылдын 23-декабрында камака алынып, үч күндөн кийин сот аны эки ай абакта калтырууну чечкен.
Аталган сайттын дагы бир журналисти Юлия Козлова маңзат сактоо беренеси боюнча айыпталып, азыр анын иши соттук кароодо.
Бул эки журналист тең тагылган айыптарды четке кагып, аны саясий негиз менен байланыштырууда.