Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

Депутаттар өкмөттүн электрди кымбаттатуу демилгесине нааразылык айтууда


Өкмөттүн Кыргызстанда электр энергиясына бааны жогорулатуу демилгеси элдин нааразылыгын жаратууда. Мындай пикирлерин бүгүн парламент жыйынында айрым депутаттар айтып чыгып, демилге коалициялык көпчүлүк менен макулдашылбаганын белгилешти. Алардын айтымында, өкмөт тарифтерди апрель айынан тарта өзгөртүүнү көздөп жатат.

Профилдик комитеттин төрагасы Кожобек Рысбаев бул маселе кечээ талкууланганын, эми жалпы жыйынга чыгарыларын билдирди. Анын айтымында, "Казакстандан импорттоого тариф 5,53 сомго чейин көтөрүлгөн, бирок кийин 1,55-1,05 сомго чейин түшкөн.

- Элди тонобой, толук маалымат бериш керек. Депутаттар бул маселени туура көтөрүп жатат.

Соңку жолу Кыргызстанда электр энергиясы былтыр августта кымбаттаган. (RK)

XS
SM
MD
LG