Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:43

Пенсия акчасын ипотекага жумшоо планы парламентте талаш жаратууда


Мамлекеттик ипотекалык программа жакшы, бирок аны каржылоо үчүн пенсиядан эмес, башка булак издөө зарыл. Мындай пикирлер ушу тапта парламентте айтылууда. Күн тартибине ылайык, Социалдык фонддун быйылкы жылга бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндөгү мыйзам долбоору 2-окууда каралып жатат.

Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун финансылык ресурстарын биринчи иретте калктын аялуу катмарына ипотекалык насыя берүү системасына жумшоо сунушталууда.

Депутат Чыныбай Турсунбеков пенсионерлердин топтолуп жаткан акчасына кол салуу туура эмес деген пикирин билдирди. Ал эми депутат Иса Өмүркулов ипотекалык насыя берүү системасына багытталган каражат өз маалында кайра кайтарылбаса ким жооп берет деген маселени коюп, мындай жолго барбаш керек деди.

Өз кезегинде депутат Жанарбек Акаев "Үңкүр да болсо үйүм" деп мамлекеттик ипотекага үмүт артып жаткан бюджеттик мекеме кызматкерлерине колдоо көрсөтүп бул мыйзам долбоорун колдоп берүүгө чакырды:

- Он жылдап иштеген жаштар бар. Ошолорго үмүт болуп жатат.

Быйылтан тарта өкмөт мамлекеттик ипотека программасын ишке ашыра баштады. Ал үчүн каражаттын бир бөлүгүн Социалдык фондго төгүлүүчү акчадан алуу каралууда. (RK)

XS
SM
MD
LG