Ош облустук прокуратурасы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башкы бухгалтерине карата козголгон кылмыш ишти тергеп, сотко өткөрүп берди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Тергөөнүн маалыматына караганда, ал 2014-2015-жылдары өзүнө 100 миң 400 сомду айлык катары мыйзамсыз жаздырып алган. Бул мамлекеттик акча кайра кайтарылып берилди.
Кылмышка шектүү жаран ишинен убактылуу бошотулду. (RK)