Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:51

Кореялык доктурлар Кыргызстанга жеке каражатынан жардам берет


Макулдашууга саламаттыкты сактоо министринин орун басары Амангелди Мурзалиев, корей тараптан профессор Юн Хи кол койду
Макулдашууга саламаттыкты сактоо министринин орун басары Амангелди Мурзалиев, корей тараптан профессор Юн Хи кол койду

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүн кореялык «Самсунг Сеул» медициналык борбору менен кызматташтык тууралуу макулдашууга кол койду. Ага ылайык кореялык доктурлар дарт аныктоо, дарылоо, заманбап техника менен жабдуу жагынан бекер жардам бермей болууда.

1996-жылы түзүлгөн бул борбордо 7 миңдей адам эмгектенет. Алар маянасынын 10% чет өлкөлөргө жардам берүү үчүн кайрымдуулукка жумшоону чечкен.

Быйыл май айында Кыргызстанга реаниматолог, радиолог, ревмо-терапевт, дерматолог, педиатр, гинеколог, нейрохирург, кардиохирург, офтальмолог жана геронтолог адистерден турган алгачкы топ келмей болду. (RK)

XS
SM
MD
LG