Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05

КУУ паракорлук боюнча айыптоого байланыштуу билдирүү жасады


Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.

Кыргыз улуттук университети аталган окуу жайда 16-февралда болгон окуяга байланыштуу өкүнүү билдирет жана иштин калыс иликтенишине үмүттөнөт. Бул тууралуу университет бүгүн жарыялаган билдирүүдө айтылат.

Маалыматка караганда, бүгүн ректор Чынара Адамкулова жамаат менен жыйын өткөрүп, административдик-чарбалык иштер боюнча проректор Нурзак Асанбеков жана башкы бухгалтер Ольга Бондарчук кармалганын тастыктады. Ошону менен катар ал окуу жайда кадимки иш процесс үзгүлтүккө учурабашын талап кылды.

Бишкек милициясынын маалыматына караганда, кечээ, 16-февралда проректор менен башкы бухгалтер 100 миң сом парага байланыштуу кармалды. (RK)

XS
SM
MD
LG