Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 22:18

Журналист менен депутаттын чырына жеке таарыныч себеп болгону айтылууда


Журналист Семетей Талас уулу Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев менен жаңжалына эл өкүлүнүн жеке таарынычы себеп болгонун билдирди. Анын айтымында, окуя Бишкектеги “Беш-Сары” соода комплексиндеги эс алуу жайында болгон.

Талас уулу 16-февралда калемдеш досу менен депутатка жолугушууга барып, соңунда жаңжалдашып кеткени тууралуу шаршемби күнү кабарлаган.

- Мурда ал кишинин туура эмес иш-аракеттери тууралуу ачык айтып чыкканым үчүн менден таарынычын чыгарды. Колу тийген жок, бирок бир канча жолу тээп жиберди. Азыр аксап жүрөм. Милицияга кайрыла элекмин.​ Арызданбайм. Кудайдын жана коомчулуктун таразасына койдум, - деди журналист бул тууралуу "Азаттыкка".

Депутат Камчыбек Жолдошбаев парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын өкүлү. Ал окуя боюнча азырынча комментарий бере элек. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG