Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Зика вирусуна каршы күрөшкө 56 млн доллар керек


Башаты чиркейлерге барып такалган Зика вирусу микроцефалия же балдардын башы кичинекей болуп төрөлүп калышына себепчи болот.
Башаты чиркейлерге барып такалган Зика вирусу микроцефалия же балдардын башы кичинекей болуп төрөлүп калышына себепчи болот.

Мындай билдирүүнү бүгүн Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму таратты. Бул каражат вакцинага жана диагностикага сарпталат. Уюм вирустун жайылышына себепчи болгон чиркейлерди көзөмөлгө алуу үчүн өз каражатынан 25 миллион доллар коротууга даяр. Ушул тапта Зика вирусуна каршы бир нече вакцина иштелип чыгууда, ал үчүн 15 фармацевтикалык компания эмгектенүүдө. Уюм билдиргендей, вакцина бир жарым жылдан соң даяр болушу ыктымыал.

Мурдараак Саламаттыкты сактоо уюму жаздын келиши менен Зика вирусу күч аларын эскерткен. Вирусту жугузуп алган адам оорунун белгилерин байкабай деле калышы мүмкүн. Негизинен бул вирус кош бойлуу аялдарга коркунуч туудурат. Ал микроцефалия же балдардын башы кичинекей болуп төрөлүп, мээсинин өспөй калышына себепчи болот.

XS
SM
MD
LG