Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:41

Анкара: жардыруудан улам бийлик башындагылар сапарларын токтотту


Анкарадагы жардыруудан кийинки абал
Анкарадагы жардыруудан кийинки абал

Анкарада 17-февраль күнкү жардыруу акыркы маалыматтар боюнча 28 кишинин өмүрүн кыйды. 61 адам жараат алды. Азырынча аны ким уюштурганы маалым эмес.

Катуу жардыруу Түркия баш калаасындагы аскерий жатакананын тушунда, парламент жана башка бир катар өкмөттүк имараттар жайгашкан райондо болгон.

Окуядан улам президент Режеп Тайип Эрдоган Азербайжанга, өкмөт башчы Ахмет Давутоглу Брюсселге пландалган сапарларын токтотушту.

Президент Эрдоган окуяны террорчулар уюштурганын билдирип, “Биз аларга каршы күрөштү токтотпойбуз. Эгер мындай иштер менен биздин сабырыбыздын чегин сынап жатышкан болсо, ал да бир күн түгөнөт”,- деди.

Окуядан кыргызстандыктар зыян тарттыбы-жокпу, азырынча маалым эмес.

XS
SM
MD
LG