Нарында кулчулукка кабылды деген адам табылды. Облустук ички иштер башкармалыгы жүргүзгөн "Селсаяк" рейди маалында 16-февраль күнү шаардын автобекетинин аймагынан 23 жаштагы Урмат аттуу бала кармалган. Бул тууралуу "Азаттыкка" башкармалыктын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Сыдыкбеков билдирди. Анын айтымында, кармалган адам Ысык-Көл облусунун Арчалуу айылынан келгенин, балдар үйүндө чоңоюп, 5-классынан бери кулчулукта жүргөндүнүн айткан.
- Өзүнүн айтымында Ысык-Көл аймагында Сыркөз аттуу малы көп адамдын малын багып жүргөн. Ал мурда да бир нече жолу качууга аракет кылыптыр, кармап алып атка сүйрөтүп, бычык менен сайгылап сабаганын айтып жатат. Азыр мунун баары текшерүүгө алынууда, -деди Сыдыкбеков.
Учурда кулчулукка кабылган деп кармалган жаранды Ысык-Көл облусунун Тоң райондук ишки иштер бөлүмүнүн кызматкерлери териштирүү үчүн алып кетишти. (MiK)