Анкарадагы кечээки жарылуудан кийин Түркиянын аба күчтөрү Ирактын түндүгүндөгү чек аралаш аймактардагы күрт чептерин бомбалаганы маалымдалды. Түркиянын аскерий өкүлдөрү 17-февралдын кечиндеги аба соккулары Күрт жумушчу партиясынын Хафтанин районундагы алтымыштан ашуун козголоңчуларын бутага алганын кабарлады.
Кечээ кечинде Анкарада аскерлер түшкөн автобуска багытталган жардыруу 28 адамдын өмүрүн алып, дагы ондогон кишилер жаракат алган. Премьер-министр Ахмет Давутоглу бул чабуулга шектелип тогуз адам кармалганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, жардырууну Сириядагы күрт кошуундарынын тобу (YPG) Түркиядагы Күрт жумушчу партиясынын (PKK) согушкерлеринин көмөгү менен уюштурган.
Бул окуядан улам Азербайжанга бүгүнгө белгиленген сапарын токтоткон президент Режеп Тайып Эрдоган "Түркия зарыл болгон учурда кайсы жер жана кандай жагдай болбосун өзүн-өзү коргоо укугун чечкиндүү түрдө колдонуудан тайманбасын" билдирди.