Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

Балбандар Каныбек Жолчубеков менен Жанарбек Кенжеев Азия чемпиону болушту


Каныбек Жолчубеков (көк формачан)
Каныбек Жолчубеков (көк формачан)

Ушул күндөрү Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугунда кыргызстандык балбан Каныбек Жолчубеков алтын медал тагынды. Бүгүн, 18-февралда грек-рим күрөшүнөн 59 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан Жолчубеков Индия, Жапония жана Түштүк Кореянын балбандарын ири айырма менен утуп финалга чыккан.

Алтын байге үчүн беттеште ирандык Саман Морад Абдолини 9:4 эсебинде утуп, Азия чемпиону аталды.

Бүл күнү грек-рим күрөшүнөн 85 килограммга чейинки салмакта Жанарбек Кенжеев да алтын медал үчүн таймашта өзбекстандык Мухаммадали Шамсиддиновду 3:2 эсебинде утуп алды.

Кенжеев алтын үчүн таймашка чейин чейрек финалда кытайлык Лианг Конгту 7:1, жарым финалда индиялык Шобхит Кумарды 14:0 эсебинде жеңген.

Буга чейин спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугунун биринчи мелдеш күнүндө грек-рим күрөшүнөн 130 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык Мурат Рамонов күмүш медалды тагынса, Руслан Царев (75 кг) менен Үзүр Жусупбеков (98 кг) коло байгенин ээси болушкан.

17-февралда башталган грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпиондугу 21-февралга чейин уланат. (ECh)

XS
SM
MD
LG