Премьер-министр Темир Сариев бүгүн Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы кыштоолорду кыдырып, малчылардын абалынан кабар алат. Өкмөттүн басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, Сариев алгач Нарын районунун Кара-Жылга кыштоосуна, андан кийин Тоң районундагы Кара-Саз кыштоосунда барат. Сариевге тармактын күңгөй-тескейи тууралуу айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев жеринде маалымат берет. (SE)