Европа Комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер ЕБ лидерлери Улуу Британия биримдиктин курамында калышы боюнча келишимге жетишерине ишенерин 18-февралда билдирди. Евробиримдик лидерлери бул маселе боюнча алдыдагы эки күндө чечим кабыл алышы керек.
Британ премьер-министри Дэвид Кэмерон мунун алдында Евробиримдикти реформалоо боюнча өз талаптары колдоо табарына үмүт артарын билдирген. Анын айтымында, мындай реформа боюнча тараптар тил табыша алса, Улуу Британия биримдиктин курамында кала бериши мүмкүн. Өлкөдө бул маселе боюнча референдум 2017-жылы өтүшү керек.
Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск ага чейин Британия биримдиктен чыгып калуу тобокелчилиги ишке ашып кетүүсү толук мүмкүндүгүн, миграция кризиси менен бир катарда турган бул маселе боюнча чечимден Евробиримдиктин келечеги көз каранды экенин билдирген.