Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

“Домодедово” аэропортунун ээси кармалды


Дмитрий Каменщик
Дмитрий Каменщик

Москвадагы “Домодедово” аэропортунун ээси Дмитрий Каменщик камакка алынды. Ага 2011-жылы аба майданда болгон терактка байланыштуу коопсуздук чараларын сактаган эмес деген айып коюлууда. Орусиянын Тергөө комитетинин маалыматына ылайык, жүргүнчүлөрдү көзөмөлдөө боюнча ал киргизген эреже коопсуздук деңгээлин төмөндөткөн.

Жакында эле аэропортто мурда иштеп кеткен жана азыр эмгектенип жатышкан үч кишиге да айып коюлган. Ушул аптанын башында Дмитрий Каменщик маалымат жыйынын өткөрүп, алар күнөөсүз экенин айткан жана муну видеотасма, документтер менен далилдегенге аракет жасаган.

2011-жылы “Домодедово” аэропортунда жанкечти өзүн жардырып, 30 адамдын өмүрү кыйылган болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG