Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:20

Өкмөт өкүлдөрү Таласта эл менен жолугушуу өткөрөт


Таласта быйыл төө буурчак арзан
Таласта быйыл төө буурчак арзан

Ушу тапта Таласта өкмөт өкүлдөрү менен жолугушууга келген эл чогулууда. "Азаттыктын" кабарчысынын маалымдашынча, “Ынтымак - ийгиликтин башаты” деген аталыш менен жергиликтүү бийлик уюштурган жолугушууга Бишкектен Айыл чарба, экономика, каржы министрлигинен, монополияга каршы, геология жана минералдык ресурстар, отун-энергетика мекемелеринен, Улуттук банктан, Социалдык фонддон өкүлдөр келиши керек.

Талкуулана турган маселелер - төө буурчак баасынын төмөндүгү, келечеги, Таластагы кендерди иштетүү, электр энергиясынын тарифтери, насыя, кыймылсыз мүлктү жана унааны камсыздандыруу.

Ошону менен катар быйылкы Тарых жана маданият жылына карата Таласта “Чыңгыз ордо” комплексин куруу планы талкууланмакчы. (SS)

XS
SM
MD
LG