Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

Сариев: Март айынан тарта малдын милдеттүү идентификациясы башталат


Март айынан тарта Кыргызстанда малды милдеттүү түрдө идентификациялоо башталат. Бул тууралуу бүгүн Нарын районунда Кара-Жылга кыштоосунда малчылар менен жолугушууда премьер-министр Темир Сариев билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, мал ылаңынын 7 түрүнө каршы эмдөө жүргүзүлөт. Вакцина 100% мамлекеттин эсебинен сатылып алынат, малчылар доктурлардын кызматы үчүн гана төлөөгө милдеттүү болот.

Нарындагы жолугушууга, "Азаттыктын" кабарчысы Мирлан Кадыровдун айтымында, жүзгө жакын малчы катышты.

Андан кийин Темир Сариев Ысык-Көлдүн Тоң районундагы малчыларга жөнөп кетти.

Кыргызстандык товар өндүрүүчүлөр, анын ичинде эт, сүт азыктарын чыгарган ишкерлер Евразия экономикалык биримдигине кошулгандан кийин уюмга мүчө өлкөлөргө экспорттоо мүмкүнчүлүгү кенен ачылат деп үмүттөнгөн. Бирок азырынча алар коңшулар менен пайда болгон аттандаштыкка туруштук бере албай, кыйналып жатканын айтууда.

Мунун бирден бир себеби катары Кыргызстандын ЕАЭБдин ветеринардык стандарттарына жооп бербегени аталууда. (MiK)

XS
SM
MD
LG