Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:38

Ниязов: Сотко баа азырынча начар экенин моюнга алуу керек


Кыргызстанда соттордун ишине элдин берген баасы азырынча начар. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте судьялардын 10-курултайында сүйлөп жатып президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов билдирди. Ал мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусун окуп берди.

Ошону менен катар Ниязов өлкөдө сот системасынын ишин жакшыртуу боюнча аракет көрүлүп келатканын, айрым жакшы натыйжалар бар экенин кошумчалады.

- Мисалы, акыркы 4 жылдын ичинде дайындалган 290 судьянын бирине карата да паракорлук же башка иш боюнча кылмыш иш козголгон эмес, - деди Ниязов.

Фарид Ниязов судьялардын ишмердүүлүгүнө баа бере турган так механизмдерди иштеп чыгуу зарылдыгын айтып, буга жарандык коомду да тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Анын айтымында, сотторду каржылоо соңку 4 жыл ичинде эки эсе жогорулады, алардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо иши мындан ары да уланмакчы.

Былтыр 6-ноябрда парламентте сүйлөп жатып президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда сот реформасы ишке ашпай калганын белгилеген. (RK)

XS
SM
MD
LG