Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Спортчуларды сыйлоого бөлүнгөн каражат уурдалганы аныкталды


Кыргызстанда мыкты спортчулардын стипендиясына, курама командалардын төлөмдөрүнө жана жол-киресине деп мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражат уурдалганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Эсеп палатасы 2014-жыл боюнча жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгында түзүлгөн акттын негизинде Башкы прокуратура өкмөткө караштуу Дене тарбия жана спорт агенттигинде текшерүү жүргүзгөнүн "Азаттыкка" башкы көзөмөл органынын маалымат кызматынын өкүлү Нурлан Тагаев айтып берди:

- Натыйжада аталган мекеменин айрым кызматкерлери жасалма бухгалтердик документ түзүп 7 миллион 872 миң сомду өз пайдасына жымырып алганы аныкталды.

Кылмыш иш козголуп, иликтөө башталды.

Коңшу республикаларга салыштырганда Кыргызстанда спортчуларга мамлекеттен колдоо дээрлик жок экени, тиешелүү мекемелер коррупцияланып кеткени, ошол себептен утулуулар көп болору дайыма айтылып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG